Москвада Кыргызстандын жараны жаш балалуу аялды машина менен урдуруп кеткен

Кече күнү москвалык полиция жаш балалуу аялды машина менен урдуруп кеткен такси айдоочусун кармады. Ал айдоочу Кыргызстандан келгени аныкталды деп кабарлайт россиялык ММК ТАССка шилтеме жасоо менен.

Берилген кабарга ылайык, авария Москва шаарынын Мир проспектисиндеги № 11 үйдүн жанында болгон. Такси айдоочусу Hyndai Solaris машинасын башкарып бара жатып, алты жашар балалуу аялды урдуруп кеткен.

Анын натыйжасында жөө бараткандар ооруканага жаткырылды. Кыргызстандан келген айдоочуга карата РФ КИ 1-беренесинин 1-бөлүгү боюнча кылмыш иши козголгон.

Азыркы убакта Кыргызстандан келген мигранттын тагдыры жана козголгон иш боюнча маалыматтар тактала элек. Россиядагы КР элчилигинен бул маселе боюнча азырынча түшүндүрмө ала алган жокпуз.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД