Таштандылар арасына ыргытылган наристенин энеси дагы эле табыла элек

Үстүбүздөгү жылдын 13-декабрында Ош шаарынын таштандылар талаасына ыргытылган наристенин ата-энеси дагы эле табылбай жана тиричилик калдыктары менен кошо наристенин денеси кайдан алынып келингендиги аныктала элек. Бул жөнүндө Ош шаарынын пресс-кызматы VB.KG редакциясына билдирди.

Кызматтагылар билдиргендей, белгиленген экспертизалар, анын ичинен наристенин чарчап калуусунун себептери жана анын энесин аныктоо боюнча, азырынча эч бир натыйжаларды бере элек. Тергөө иштери улантылууда.

Белгилүү болгондой, наристенин денесинин табылуу фактысы жөнүндө КР КЖК 100-беренеси "Эненин жаңы төрөлгөн баласын өлтүрүүсү" боюнча кылмыш иши козголгон.

Бул беренеде: Жаңы төрөлгөн бала энеси тарабынан төрөт маалында же төрөттөн кийин дароо өлтүрүлгөндө, ошого тете жаңы төрөлгөн бала энеси тарабынан акыл-эси ордунда туруп өтө кызууланган жагдайдын шарттарында же психикасы бузулган абалда өлтүрүлгөндө,- үч жылга чейин эркиндигинен ажыратуу жазасы каралган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД