Бишкекте токмоктолгон эки жашар бала көз жумду

2018-жылы 28-ноябрда болжол менен саат 9.30.да Панфилов районунун ИИБ тарабынан аймактык ооруканага 2016-жылы төрөлөгөн кичинекей баланы эс-учун жоготкон абалда алып келишкени жана алдын-ала маалыматтар боюнча анын денесинде көптөгөн жаракаттар бар экендиги жөнүндө кабар алынган.

Ал жердин дарегине дароо ыкчам-тергөө тобу жөнөтүлгөн. Алар келээри менен, Чүй облусунун Панфилов районундагы Кайыңды шаарында кичинекей бала акыркы убакта жашаган үйдүн тургуну 32 жаштагы Э. С. суракка алынган.

Сурак учурунда баланын өз апасы 42 жаштагы Х.Р. Россия Федерациясына жумуш издеп бара жатып, бул аялга баласын калтырып кеткендиги аныкталды.

Э.С. айткан сөздөрү боюнча ал күйөөсү менен ажырашып жана жашы жете элек үч баласы менен калган. Алар 2017-жылдан бери Чүй облусунун Панфилов районундагы Кайыңды шаарында туугандарынын үйүндө жашап келишкен. Буга чейин алар Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында жашап турушканда, кичинекей баланын апасы менен таанышып, ошол убактан бери катышып жүрүшкөн.

Ушул жылдын ноябрь айында эне Россия Федерациясына жумуш издеп бара жатып, баласын аларга калтырып кеткен жана мындан бир нече күн мурда кичинекей бала эки ярустуу керебеттен кулап кеткендиктен, анын денесинде көгөргөн тактар пайда болгон.

2018-жылы 28-ноябрда бала үйдө жүрүп эле эс-учунан танып калган. Э.С. тууганын чакырып, алар баланы ооруканага алып келишкенде, аны реанимация бөлүмүнө жаткырышкан. Баланын апасы болгон окуяны уккандан кийин Кыргызстанга кайтып келген. Кичинекей баланын абалы күндөн-күнгө начарлап кеткендиктен, аны Бишкек шаарындагы балдардын аймактык ооруканасына которушкан, андан кийин энени жана баланы коргоо улуттук борборундагы ооруканага которушуп, тажрыйбалуу доктурлар тарабынан жардам көрсөтүлгөн.

Бирок, доктурлардын көрсөткөн жардамына карабастан, 2018-жылы 6-декабрда, болжол менен саат 06.30.да эки жашар бала эс-учуна келбестен көз жумган.

Бул факт боюнча Ленин районунун аймактык ыкчам-тергөө тобу келип, соттук-медициналык экспертиза белгиленген. Алдын-ала маалымат боюнча кичинекей бала денесине көптөгөн жаракат алган. Гражданка Э.С. карата комплекстүү психология-психиатриялык экспертиза белгиленген.

Панфилов районунун ИИБ тергөө кызматы тарабынан КР ККнин 104-беренеси (Атайылап денеге оор жаракат келтирүү) боюнча кылмыш иши ачылды. Бул факт боюнча соттук-медициналык экспертиза белгиленди.

Болгон окуянын жагдайы аныкталып, тергөө иштери улуантылууда.

Ленин районунун ИИБ Тергөө кызматы тарабынан жыйналган баардык материалдар Панфилов районунун ИИБне толук жана айкын териштирүү жүргүзүү үчүн жөнөтүлдү.

Бул маалыматтар Чүй облустук ИИББнын пресс-кызматы тарабынан берилди.

Фотосүрөттөр.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД