Мурдагы бажы кызматкеринин КСДП менен кандай байланышы болгон

Президент Сооронбай Жээнбековдун биринчи пресс-конференциясынын толкуну басылганы менен, анын дабыштары дагы эле угулууда. Чынында, алар Сооронбай Жээнбековго гана эмес, Раим Матраимовго да тиешелүү болуп калды. Ал пресс-конференцияга катышпаган фигура болсо да, аныгында күндүн башкы жаңылыгы болуп чыга келди. Жаңылыктар түйүнү азыркыга чейин Раим-миллионду эске салып толуп турган чагы. Колдонуучулар Матраимовдун фотосүрөтүн өз баракчаларына коюп, каражат абалыңды оңдоп ал дегенсип - флешмоб сыяктуу бир нерсени уюуштурушту.

Тамаша-тамашасы менен, бирок, ММКлар талкуусуна түрткү берген бул экс-президент Алмазбек Атамбаев тарабынан каржыланып, жакшы режиссерлонгон кампания экендиги билинип турду. Мурда айтылып келгендей, булар Алмазбек Атамбаев жана анын кеңешчиси Фарид Ниязов экендиги жаңылык деле эмес.

Президент Жээнбековдун реакциясына караганда, ал маанилүү маселелер менен көйгөйлөргө басым жасаганга аракет кылып жана ММК өкүлдөрүнө сылык мамиле жасап Матраимов жөнүндөгү суроолорго жооп берип жатты.

Алмазбек Атамбаевге тиешелүү болгон "Апрель" телеканалынын өкүлдөрү Сооронбай Жээнбековдун Раим Матраимов менен кандай байланышы бар экендигине өтө кызыгуу менен суроо узатышты. Мамлекет башчысы бул үй бүлөнү жана алар 8 жыл ичинде КСДП жана анын жетекчилерине кандай жардам берип келгендигин биле тургандыгын жашырган жок.

Матраимов мурдагы президенттин бийлиги учурунда эле көп жылдардан бери мамлекеттик кызматта иштеп келгендигин жана ушуга байланышкан баардык суроолорду Ататмбаевдин өзүнө бергениңер туура болот, - деп белгиледи президент.

Чынын айтыш керек, Жээнбеков эч нерсени оюнан чыгарып отурбай эле, КСДП партиялык иштери боюнча Матраимов менен бир нече жолу жолуккандыгын ансыз деле баары билишээрин белгилеп өттү.

"Мен Матраимовдор менен иштешип келгендигимди жашырбайм. Искендер Матраимов КСДП мүчөсү жана Жогорку Кеңештин депутаты. Дагы бир иниси аким болуп иштейт (Тилек Матраимов Кара-Суу районун 8 жылдан бери башкарып келет). Раим Матраимовдун өзү азыр өкмөт менен соттошууда. Эмне үчүн мурда ал жөнүндө унчукпай келишти да, мен президент болоорум менен эле, аны мага байланыштыра башташты. Ал мага чейин эле иштеп келбеди беле. Менин билишимче, ал мыкты адис. Ош бажысында иштеп турганында төлөм жыйноо планын бир жарым эсеге ашык аткарган. Ошон үчүн Атамбаев бийлиги учурунда, аны Бишкектеги Бажы кызматы төрагасынын биринчи орун басары кызматына которушкан. Мага белгилүү болгондой, бул жерде да ал өз ишин жакшы жагынан көрсөтө алды. Мен кызматка келгенде Матраимов иштебей калган, бирок, ал жөнүндө сөз кыла башташты. Укканыма караганда ал сотто утуп алыптыр, бирок, буга да мени жардам бериптир деп жазып чыгышты", - деди президент таң калуу менен.

Алмазбек Атамбаев бир нече жолу Кубанычбек Кулматов 2011-жылы алгач Бажы кызматына жетекчи болуп дайындалганда, андагы төлөм үч эсе өскөндүгүн белгилеп айткан. Бирок эксперттер баса белгилегендей, экс-президент эмнегедир Матраимов Кулматовдун жетекчилиги алдында иштеп келгендиги жана ошол кезде түштүк аймагында бажы төлөмдөрү боюнча планы ашыгы менен аткарылгандыгы жөнүндө унчукпай келет. Бирок бул фактылар түшүнүктүү себептер менен кызыкдар адамдар тарабынан эске алынбай жана четке кагылып келүүдө.

Эске салсак, Сооронбай Жээнбеков Матраимовдун үй бүлөсү КСДП үчүн көп иштерди жасап келгендигин кошумчалап жана 2011-жылдагы шайлоону мисал кылып өттү. Раим Матраимов Бажы кызматында биринчи орун басар болуп иштеп турганда жана андан кийин да, ага эч ким сын айткан эмес, эми гана эмне үчүндүр ал жөнүндө көп сөз кыла башташты. "Эми мен кызматка келгенимде гана алар жакпай калышты. Өзүңөр ойлоп көргүлөчү, ушул туурабы?", - деди таң калуу менен Сооронбай Жээнбеков.

Президент белгилегендей, мындай кара пиардын артында ким тургандыгын билет. "Фарид жана ага окшогондор өздөрүн жакшы, ал эми Жээнбековду жаман көрсөтүшүүдө. Мындай болбошу керек. Мен дагы бир жолу айтам, коррупция менен күрөшүүдө мен өз туугандарымды да аябаймын", - деп белгиледи мамлекет башчысы.

Президент билдиргендей, Матраимов менен Атамбаевдин ортосундагы мамилелерди териштирип отургусу келбейт. Эгер алардын ортосунда кандайдыр бир түшүнбөстүктөр же бири-бирине суроолору болсо, жеке өздөрү чечишип алышсын, анын үстүнө бул адамдар бири-бирин жакшы билишет. Жээнбеков бирөөлөрдүн талаш-тартышын мамлекеттик иштер менен аралаштырганды каалабайт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД