Жээнбеков: Мен тааныбаган көптөгөн "туугандар" пайда болууда

Президент Сооронбай Жээнбеков Кемин районунун жашоочулары менен болгон жолугушуусунда, Кыргызстанда үй бүлөлүк-кландык башкарууга жол бербей тургандыгын дагы бир жолу билдирди.

Анын сөздөрү боюнча, эмитен эле анын атын жамынган тааныш эмес "достору" жана "туугандары" пайда боло баштаптыр.

-Мен өзүмдүн туугандарымдын кызмат ишиме кийлигишүүсүнө эч качан жол бербейм. Эмитен эле Жээнбеков Бакиевге окшоп калыптыр деген сөздөр чыга баштады. Бул андай эмес! Мен эч качан үй бүлөлүк башкарууга жол бербейм. Эгер буга окшогон нерселер болсо, тиешелүү чаралар көрүлөт. Муну баары түшүнүштү, бирок, укканыма караганда, мага тааныш эмес "достор" жана "туугандар" пайда болуп, жумушка же башка жактарга орношууга аракет кылып жатышыптыр. Эгер ушундай фактылар далилдене турган болсо, мындай адамдарга катуу чаралар көрүлөт – деди ал.

Мамлекет башчысы мурдагы президенттердин ишмердиги да өзүнө баалуу сабак болуп калгандыгын белгиледи.

-Менин башкы максатым – президенттик ыйгарым укуктарымды тынч өткөрүп берүү. Элим менен бирге ынтымакта жана тынчтыкта жашоону каалайм, - деп толуктады.

Эске салсак, кече күнү президент Сооронбай Жээнбеков иш сапары боюнча Чүй облусундагы Кемин районуна барып, жергиликтүү жашоочулар менен жолугушуу өткөрдү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД