Сариев: Атамбаев такыр эле адашып, өзү жарга такалды

Жакында өткөрүлгөн майрамда жана III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышында кыргызстандыктар Сооронбай Жээнбеков менен экс-президент Роза Отунбаеванын өтө жакын ынтымакташуусун, ошону менен бирге эле Алмазбек Атамбаевдин азыркы бийликтин чакыруусун кабыл албай, бул майрамдык салтанаттарга катышпай койгонун белгилешүүдө.

Мына ушундай көрүнүштөн кийин, "Роза Исаковна менен достошуусу КР жетекчилигине канчалык деңгээлде таасирин тийгизет жана Алмазбек Шаршеновичтин саясий имиджине кандай баа берсе болот?" деген суроолор көпчүлүктү кызыктырууда.

Саясат таануучу Марс Сариев VB.KG редакциясына белгилегениндей, Алмазбек Атамбаев такыр эле адашып, өзү жарга такалды.

-Анын мындай абалга туш болуусуна, өзүнүн ички психологиялык көйгөйлөрү алып келди. Анын үстүнө, саясий планда Алмазбек Шаршеновичтин артында эч кандай күчтөр калбай калды. Азыркы учурда анын саясий салмагы түшүп кетти. Ошондуктан, менин оюмча, аны сактап калуучу жалгыз күч – "Ата Мекен" партиясынын ордуна конструктивдүү оппозиция болуп калууга аракет кылуу. Азырынча ал – толугу менен саясий банкроттукка туш келди, - деген ишеничте Сариев.

Ал эми Роза Отунбаеванын майрамда катышуусун жана анын Жээнбеков менен өз ара ынтымакташуусун саясат таануучу жакшы көрүнүш катары эсептеди.

-Бул Кыргызстанга туруктуулукту алып келет. Анткени Роза Исаковна интеллигенция жана өкмөттүк эмес секторлорду түшүндүргөн жарандык коом менен тыгыз байланышып келүүдө. Бул азыркы бийлик аймактык эместигин жана ага карата эч кандай артыкчылык берилбестигин билдирген кандайдыр-бир сигнал болуп эсептелмекчи. Мына ушунун өзү азыркы бийлик бакиевдик жол менен барбай тургандыгын билдирип турат. Анын үстүнө, көптөрү бакиевдик кадрлар жана кландар кайра келип жаткандыгы жөнүндө айтууга аракет кылып жатпайбы. Ошодуктан ушундай мамилелер – Кыргызстандагы туруктуулукту арттырып жана саясий климаттын оңолуп бараткандыгын айгинелейт, - деп ишендирди Марс Сариев.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД