Кыргызстандагы радикалдуу мечиттер жана медреселер

2018-жылдын биринчи жарымында Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматынын кызматкерлери 116 уруксаты жок ачылган исламдык окуу жайларын (худжра) аныкташты. Өткөн жыл ичинде республикадагы жашыруун "медреселердин" саны - 33 жеткен. Бул жөнүндө "Өзбекстан -24" каналы билдирген.

Өзбек Республикасынын ММК маалыматына ылайык, Ташкент облусунда буга окшогон "ийрим" "Хизб ут-Тахрир" террористтик тобун жолдоочу аялдардын бирине тиешелүү болгон.

-Адатта мындай жайларда балдардын денесине залал тийгизип жазалоо ыкмалары кездешет. Мындай сабоолордон өлүмгө туш болгон окуялар да кездешет. Аларды тарбиялоочулардын жана педагогдордун негизги тобунун керектүү диний билими жок, - деп белгилейт өзбек каналы.

Кыргызстанда 94 медресе расмий каттоодон өткөн, салттуу агымдын ичинен "жашыруун" ачылган окуу жайлары таблган эмес. Мындай билдирүүнү VB.KG КМБдан беришти.

-Биз жетектеген окуу жайлары окуу пландарын макулдашып жана 3-4 ай сайын отчет берип турушат. Эгер кандайдыр-бир радикалдуу агым жөнүндө факт болсо, биз аны "ачыкка чыгарабыз" жана алар менен Дин иштери боюнча комиссиясы жан күч структуралары иш алып барышат, - деп түшүндүрүштү КМБ кызматкерлери.

Бирок, эксперт-теолог Данияр Мурадилов "Вечеркага" билдиргендей, буга окшогон "жашыруун" диний уюмдарды Кыргыз Республикасында уюштуруу жана анын санынын көбөйүп кетүү коркунучу өтө эле жогору.

-Эгер ушундай радикалдуу уюм пайда болуп жана медресе курса, муфтияттын мындай абалга таасир бере албай калат. Албетте, азыркы учурда мындай мектептер массалык түрдө ачылган жок. Бирок, алардын пайда болуусу толук мүмкүн. Мечиттер менен медреселер де-факто КМБга баш ийбейт жана ал толук түрдө башкара албайт. Мындай абалды өзгөртүү үчүн КР муфтияты диний уюмдар курулушту пландаштырып, куруу үчүн жер участокторун издеп баштагандан бери КМБ менен макулдашуусу зарыл. Алар болсо муфтияттын өкүлүн мечитти ачуу аземине чакыруу менен гана чектелип калышууда. Бул абдан маанилүү, анткени КР ар кандай радикалдуу агымдар бар, анын ичинен тыйуу салынгандары аныкталууда, мисалы, "Хизб ут-Тахрир" уюму, - деп түшүндүрдү Мурадилов.

Бирок муфтият салтанатту түрдө "ачып берүү" менен гана алек болууда, деп эсептейт теолог.

-Атап айтсак, бир бай мусулман келет да, өзүнө катталган жер участогун мечит же медресени курууга берүүнү каалагандыгын билдирет. Ал курулуп бүткөндөн кийин бул же тигил жамаат же сыйынууга келе тургандар мечит ачыла тургандыгы тууралуу КМБга билдирүү жиберишет. Ал эми анын КР мусулмандары органы катары урматтоо менен де-юре баш ийе тургандыгы таң калтырбайт. Натыйжада КМБ администрациялык жактан мындай уюмдарга эч кандай таасир бере албай калат. Бул аларды тартипке чакыруу же текшерүү коосуздук органдарынын колунан гана келет дегенди билдирет. Ал эми мунун өзү көзөмөлсүз радикалдуу медреселер жана башка диний объекттердин түзүлүү коркунучун жаратат. Борбордук Азиядагы акыркы окуялардын жүрүшү менен мындай абалга кош көңүл кароого болбойт, - деп жыйынтыктады Данияр Мурадилов.

Белгилей кетсек, Дин ишетри боюнча комиссиянын маалыматы боюнча Кыргыз Республикасында 2018-жылдын башында диний окуу жайлардын саны 114 жеткен, анын ичинен 9 институт, университет, 104 медресе, алардын 94 КМБга баш ийген.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын жаз айында Бишкектеги жашы жете элек балдарды окутуу менен алектенген диний уюмдарды текшерүүнүн жүрүшүндө беш диний окуу жайы – "Биринчи кадам", Абубакир Садык", Муртазали", "Ыйык биримдик" жана "Мусакан Төрө" медреселеринин уруксатсыз иштеп жаткандыгы аныкталган.

Кийин КМБ билдиргендей, алардын экөө каттоодон өткөн, ал эми калган үчөө менен байланышкан абал азыркы күнгө чейин белгисиз. Бул эми Кыргызстандын борбор шаары боюнча гана маалымат. Диний жактан билим берүүчү окуу жайларынын көпчүлүгү Чүй (35) жана Ош – (26) облустарында жайгашкан.

Алынган маалыматка ылайык, азыркы учурда башкы көйгөй, мугалимдердин жарымы керектүү билими жоктугунда болууда. Ал эми медреселердин өздөрү араб өлкөлөрүнүн эсебинен акча каражаттары менен камсыз болууда, же динге ишенгендердин жардамынын аркасында иш алып барууда. Мындай учурда окуучулардын арасына ислам дининин башка агымдарынын таркоо коркунучу туулат.

Бул жөнүндө тартип сактоо органдарынын өкүлдөрү да ачык эле айтышууда. Ички иштер министрлигинин өкүлү Манас Аманбаев экстремизмге каршы иш жүргүзүү боюнча өткөрүлгөн тегерек столдун биринде, салттуу исламга туура келбеген, башка мамлекетте диний окууну бүтүп келген мугалим медреседе сабак берген фактылар бар деп билдирди.

-Албетте, медреседе окуп жатып, башка жолду тандап алган фактыларга так далилдер өтө аз, бирок, эртеңки күнү мындай болбойт деп эч ким кепилдик бере албайт, - деп белгиледи Аманбаев.

Демек, буга окшогон окуу жайларына көзөмөлдүк жасоону формалдуу түрдө гана жүргүзбөстөн, Кыргызстандын коопсуздугун сактоонун негиздеринин бири катары кароо керек.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД