Атамбаевди КСДПнын катарынан чыгарууга аракет кылышууда

"Эртең, 16-август күнү саат 11.00. Панфилов районундагы Каптал-Арык айылынын клубунда КСДП баштапкы партиялык уюмунун "Атамбаевсиз – КСДП" деген темадагы кезексиз райондук конференциясы өткөрүлөт. Бул конференцияга Кыргыз Республикасынын аймагындагы баардык ММК өкүлдөрүн чакырабыз. Эсиңерге сала кетсек, буга окшогон конференция мурда Москва жана Сокулук райондорунда өткөрүлгөн", - деген кабар VB.KG соцтармагынын аккаунттарынын бирине келип түштү.

Айтмакчы, экс-президент Алмазбек Атамбаевди партиянын катарынан чыгарууга аракет кылган буга окшогон "конференциялар" эч жыйынтыксыз аяктаган эле. Анысынан да, партия өзү белгилегендей, КСДПнын бул конференцияларга эч кандай тиешеси жок – булар "бошотулган" мүчөлөр аркылуу өткөрүлүүдө, алардын уставы каттоого алынган эмес, демек, уруксатсыз.

КСДП аппаратында бүгүнкү күнгө пландаштырылган жыйналыш жөнүндө биле тургандыктары белгисиз. Партиянын сайтында парламенттик-депутаттардын шайлоочулар менен жолугушуусу жөнүндөгү отчеттор боюнча гана маалыматтар берилген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД