Эгерде биз мыйзам үстөмдүк кылган өлкөдө жашоону кааласак, анда кандайдыр бир кылмышка шектелген же ошол кылмышы соттук териштирүүлөрдө далилденип, темир тор артына кеткен адамдарды акча үчүн же кандайдыр бир тууганчылык жайы үчүн коргоп, ызы-чуу салып, митингдерди уюштуруудан алыс болушубуз керек. Тилекке каршы, бизде мындай көрүнүш адатка айланып калды. Ким камалса да, ага кандай айып тагылса да, анын туугандары же жалданма митингчилери «сот адилетсиз чечим чыгарып салды, саясий куугунтук болуп калды» деп эле кыйкыра беришет. Эгерде биз ар бир саясатчынын тууган-туушканы бар экенин эске алсак, алардын кимисине карата кылмыш иши козголсо да, мындай көрүнүш боло берет. Анан алардын талабы боюнча андай кылмышка шектүүлөрдү же кылмышкерлерди эркиндикке чыгара бере турган болсок, анда коррупцияга каршы күрөшүү же мыйзамсыздыкты ооздуктоо аракеттеринен эч кандай натыйжа чыкпайт.