Патриарх Кирилл поздравил православных христиан и на кыргызском языке
Москванын жана жалпы Рустун Патриархы КИРИЛЛдин Орус Православ Чиркөөсүнүн
Архипастырларына, пастырларына, монахтарына жана бардык ишенимдүү балдарына
Рождестволук кайрылуусу
Ыйык архипастырлар, урматтуу аталар, такыба иноктор жана инокиниялар. Кымбаттуу ага-инилер жана
эже-карындаштар!
Сиздердин баарыңыздарга, ар башка өлкөлөрдө, шаарларда жана айылдарда жашаган, бирок
Бирдиктүү Орус Православ Чиркөөсүн түзгөндөргө, бул ыйык түнү кайрылам жана чын жүрөгүмдөн
дүйнөнү сактап калуучу Христостун Рождествосу менен куттуктайм. Сиздерге, менин кымбаттууларыма,
чын жүрөктөн салам айтам, сыйынуу менен биз баарыбыз бул улуу салтанатка катышуудан руханий
кубаныч алуубузду жана кудайдын уулдары жана кыздары жана Христостун достору катарында ырахат
алуубузду каалайм. (ин. 15.15).
Азыр Кудайга айлануунун сырын карап туруп, эки миң жыл илгери Вифлеемде болгон окуянын
маанисин, жана ал бизге жана биздин замандаштарыбызга кандай тиешеси бар экендигин түшүнүүгө
аракет жасайбыз.
Ыйык апостол Павел жазат: “Убакыт толгон учурда бизге асыроо берүү үчүн Кудай аялынан
туулган, мыйзам алдындагылардын күнөөсүн кечүү үчүн мыйзамга баш ийген Өзүнүн Уулун (Жалгыз
туулган) жиберди. (Гал. 4-4,5). Убакыттын мындай толуктугунун алдында эмне болду эле? Христос
төрөлгөнгө чейинки адамзаттын тарыхы, чындыгында Кудайды издөө тарыхы болуп саналат. Анда эң
акылдуулар ар бир адам өз жашоосунда сезип турган кудуреттүү күчтүн булагы ким экендигин
түшүнгүлөрү келген.
Кудайды издөөнүн жолунда адамдар чындыкты табууга аркеттенип, ар кандай адашууларга
кабылышкан. Бирок жаратылыштын катаал көрүнүштөрүнүн алдындагы адамдын примитивдүү коркуусу
дагы, жаратылыштын көрүнүштөрүн, идолдорду, кээде болсо өзүн-өзү кудай көрүү дагы, жаратылышка
сыйынган-философтордун бир аз акылына келүүсү дагы адамдарды чыныгы кудайга алып келген эмес.
Жана “дүйнө өзүнүн акылмандыгы менен кудайды таанип-биле албаганда дагы” (Кор. 1. 21), ал өзү
адамдарга түшүп келүүнү оң көргөн. Руханий көз караш менен биз улуу такыба сырды көрүп турабыз:
жаратуучу өзү жараткандарга окшошту, адамдын жаратылышын кабыл алды, кемсинтүүлөргө чыдады,
кресте өлдү жана кайрадан жаралды. Булардын баары адамдын түшүнүгүнөн ашып түшөт, жана адамдарга
кудайдын өзү жөнүндө Өзү толук ачылуусун көрсөткөн керемет болуп саналат.
Христос төрөлдү – жана дүйнө ишенимге ээ болду, Христос төрөлдү – жана сүйүү түбөлүккө өкүм
сүрөт. Христос төрөлдү – жана Вифлеем жылдызы кудайга алып бара турган чыныгы жолду көрсөтөт,
Христос төрөлдү – жана эч ким жамандыктын жеңишине ишенбейт, анткени бизди ишеним аркылуу келген
бакубат куткарды, жана ал бизден эмес. Кудайдын бергени (УФ. 2, 8).
Мессиянын келээрин алдын ала көрүп жана күтүп жаткан Исаия пайгамбар айтат: “Кудай биз
менен!” (Ис. 8, 10).
Анын кудайдын рухуна сиңген сөздөрү бүгүнкү күнү дагы миллиондогон христиандар үчүн
кубанычтын түгөнгүс кенчи болуп келет. Вифлеемде төрөлүү менен, Кудай биздин биздин жүрөгүбүздө
жаралып жана эгер биз Ага жана Ал негиздеген Чиркөөгө ишенимибизди сактап кала алсак биз менен
бирге болот. Биз жакшы иштерди жасаганда, Ал биз менен бирге болот. Биз жакындарыбызга жардам
бергенде, Ал биз менен болот. Биз бири-бирибиздин кайгы-муңубузду бөлүшкөндө, Ал биз менен бирге
болот. Биз душмандашкандарды элдештиргенде, Ал биз менен бирге болот. Биз кечиргенде жана кек
сактабаганда, Ал биз менен бирге болт. Биз сыйынып жана чиркөөнүн салттарына, өзгөчө – Ыраазычылык
билдирүүгө жана ыйык Евхаристияга катышканда, Ал биз менен бирге болот. Христостун Рождествосу майрамы бизге эң маанилүүлөр жөнүндө айтып турат: биз кудайды
сүйүүгө үйрөнүүгө жана ага кызмат кылууга, бардык элдерге жана бардык мезгилдерде бул куткарууну
тартуулаган биздин Сактоочубузга, азыр дагы биздин ар бирибизге кучагын жазып турган Жаратканга
кызмат кылууга келгенбиз. Кудайды чындап урматтоого жана Анын алдына барууга билим алуу менен биз
аны менен катар, биз сүйүү менен аракеттенген ишенимди алып келүү менен жакындарыбызга дагы
кызмат кылабыз (Гал. 5.6).
Жана бизге жасоо үчүн аз гана нерсе калды – кудайдын куткаруучу ырыскысына баш ийүү менен,
кудайдын сөздөрүнө ишенүү менен, Анын осуяттарын аткарууга болгон ниетибиз менен жооп берүү калды.
Эгер биз ушул улуу чындыкты өздөштүрө алсак, анда биздеги гана эмес, биздин тегерегибиздеги көп
нерселер дагы өзгөрөт. Биз баалулуктардын артыкчылыктарын туура кое алабыз, бизге жогортон буйруган
жолубуз менен тынч жана ишенимдүү жүрө алабыз, кудайга ыраазылык билдиребиз жана аны алкайбыз.
Ал эми рухтун мындай абалына жетүү үчүн биз бир гана социологиялык сурамжылоодо православ
болбостон, өзүбүздүн терең ишенимибизде жана жашоо образыбызда дагы, биздин такыба ата-бабаларыбыз
болгондой кудайга ишенген жана Аны сүйгөн адамдардан болобуз. Алардын катарында өзгөчө орунду
Русту кресттеген, ыйык тең апостол жана улуу князь Владимир ээлейт. Ушул жылы биз анын өлгөнүнүн
1000 жылдыгын белгилейбиз. Биз ага жогорку христиандык наамдардын алып жүрүүчүлөрү болгондугубуз
жана баарыбыз биригип тарыхий Рустун бир тууган православ элдеринин бирдиктүү үй-бүлөсүн түзөбүз.
Ушундай болгон, ушундай, жана ушундай бойдон кала бермекчи. Жана эч кандай мезгилдин
толкундоолору жана сыноолору, эч кандай тышкы күчтөр бул киевдик кресттелген купелдин
мураскерлеринин көп кылымдык руханий жана маданий байланыштарын ажырата албайт.
Ушул ыйык Рождество күндөрүндө чиркөөдөгү бардык сыйынуулар жана жана менин жеке
сыйынуум украин жергесиндеги тынчтык жөнүндү болот. Өзүнүн балдарынын жашаган жерлерине,
алардын саясий көз караштарына же эмнеге артыкчылык бергендерине карабастан, Орус Православ
Чиркөөсү ага Христостун Өзү (Мф. 5,9) жүктөп берген жооптуу миссиясын аткара берет. Ал адамдарды
элдештирүү жана касташуунун кесепеттерин жеңип өтүү үчүн мүмкүн болгондордун баарын жасап келген
жана жасай бермекчи.
Ар кандай карама-каршылыктардын, жек көрүүнүн жана бөлүнүүнүн негизинде – күнөө турат. Ал,
ыйык Иустин Челийскийдин сөздөрү боюнча, “өзүнүн болгон күчү менен бир нерсени жасайт: адамды
кудайсыз кылат жана адамгерчиликсиз кылат” (ыйык Иустин (Попович), Философиялык боштуктар). Жана
биз Жаратуучу берген ар-намысын жоготкон адам кээде кандай тозоктуу абалда болоорун көрүп турабыз.
Чиркөө болсо Кудайдын атынан Куткаруучу төрөлгөндүгү жөнүндө улуу кубанычты адамдарга жар
салуу менен (Лк. 2,10) жерде туулган ар бир адамды ишенүүгө жана жакшы жагына өзгөрүүгө чакырып
келет. Ал өсүү жолун сунуштайт: Кудайды издөөдөн – кудайды таанып-билүүгө, кудайды таанып-билүүдөн
– кудай менен ичтен баюуга, Кудай менен ичтен баюудан – кудайга окшошууга чакырат. 15-кылымда
Александрияда жашаган Ыйык Улуу Афанасий өзүнүн укмауштай сөздөрүндө куткаруучунун дүйнөгө
келүүсүнүн максатын чагылдырган: “Адам кудай болсун үчүн кудай адам болду”. Өзүнүн жаратылышы
менен эмес, кудайдын ырыскысы менен. Чиркөөнүн көп кылымдык тажрыйбасынын баары далилдеп турат:
чыныгы кайра жаралуу, кудайга жакындоо кудай менен ададын биргелешкен ыктыярдуу эмгеги аркылуу
ырыскынын аракети менен жасалат. Жана ага биздин ата-бабаларыбызга желмогуздун жыланы сунуштаган
жакшы менен жаманды таанып билүү багынан татып көрүп, ошол замат кудайга окшош болуп калуу эмес,
эмгек менен, жаратканды угуу менен жетишилет (Бт. 3,5). Ишеним менен жашаган ар бир адам так ушул
кудайга ишенүү аны жаман иштер менен ойлордон алыс кармап тураарын, так ушул ишеним кудайдын
урматына жана жакындарынын жыргалчылыгы үчүн эрдиктерге жана эмгектенүүгө шыктандырып
тураарын билет.Сиздердин баарыңыздарды улуу майрам Христостун Рождествосу жана Жаңы жыл менен менен
куттуктап жатып чын дилимден бекем ден соолук, тынчтык, бакубаттык жана биздин кудайыбыз жана
куткаруучубуздун артынан такалбастан жүрүүгө жараткандан чоң жардам берүүсүн каалайм.
Бизди Христос Иисустун түбөлүк урматына чакырган Кудай, Өзү.... сиздерди өркүндөтсүн,
бекемдесин, чыңдасын, жана кыйшайгыс туруктуу кылсын. Ага даңк жана түбөлүк бийлик берсин. Аминь
(1 Петр. 5, 10-11).
МОСКВАНЫН ЖАНА ЖАЛПЫ РУСТУН ПАТРИАРХЫ
Москва,
Христостун Рождествосу
2014/2015-жылдар