Праламентте депутаттар менен жаза аткаруу кызматынын жетекчиси айтыша кетишти

Бүгүн, 12-апрелде, "Ата-Мекен" фракциясынын жыйынында депутаттар менен Жаза аткаруу кызматынын жетекчиси Зарылбек Рысалиевдин ортосунда кайым айтышуу орун алды.

Жыйында "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруу боюнча тендер өткөрүү маселеси каралып жаткан.

"Сиз министр болуп турган кезиңерде, тендерден Beijing International Group компаниясын утуп чыкты аттуу кылыш үчүн 200 миң доллар пара алган деген имиштер бар", - деп депутат Эркинбек Алымбеков айтты.

Депутаттын мындай билдирүүсү Рысалиевдин канын кайнатты. "Бул жөн эле ушак сөз. Эгер сизде далилдер бар болсо, чогуу прокуратурага барып арыз жазалы. Же болбосо кечирим сурагыла. "Ата Мекендин" кээ бир депутаттары менен башкача мамиледе экенибизди мен билем", - деди Рысалиев.

Алымбеков бул маалымат - ушак экенин тастыктады.

Депутаттар Рысалиевден регламентти сактоосун талап кылып, ага сөз берилгенде гана сүйлөө керектигин эскертишти. Буга да Рысалиев нааразы болуп, "менин укугумду тебелебегиле, эгер микрофонду иштетпесеңер, жыйындан чыгып кетем",- деп коркутту.

Андан кийин Рысалиев Райкан Төлөгөновдүн жанына барып, сыртка чыгып "эркекче сүйлөшүүгө" үндөдү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД