"Кыргызстан" банкынын мурунку акционерлерин чиновниктер коркутушкан

"Кыргызстан" банкынын акционерлерин акцияларын сатуусун доолап коркутуп-үркүтүшкөн", - деп бүгүн, 11-апрелде, пресс-конференция учурунда, "Кыргызстан" Коммерциялык банкы" АКнун акционерлеринин өкүлү Калича Умуралиева билдирди.

Анын айтымында, ага президенттик администрациянын мурунку жетекчиси Медет Садыркулов, банктын акцияларын сатуусун суранып телефон чалган. "Акцияларды сатууга бизди мажбурлашты. Бизди көптөгөн чиновниктер коркутушкан. Медет Садыркулов өзү ошондо акцияларды сатуумду суранган. "Акциялар силердин өмүрүңөргө тең келбейт", - деп айткан. Башында биз бул нерсеге көңүл бурган эмеспиз. Бирок, коркутуулар биздин балдарга карата айтыла баштаганда, албетте биз ал акцияларды саттык", - деди Умуралиева.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД