Чек ара кызматы Батукаевдин Грозныйга учуп кеткенин тастыктады

Жакында эле бошотулган Азиз Батукаев чындап эле Грозный шаарына учуп кеткенин чек ара кызматкерлери тастыктады. Бул тууралуу ведомствонун пресс-кызматы билдирди.

Расмий маалымат боюнча, 9-апрелде 1966-жылы туулган Кыргызстандын жараны Азиз Батукаев, КРдин жалпы жарандык паспортун көрсөтүп, "Манас-аэропорт" көзөмөл-пунктунан мамлекеттик чек арадан өтүп, россиялык Грозный шаарына учуп кеткен.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД