Өткөн аптада Бишкекте өткөн АФКнын Чакыруу Кубогунун тандап алуу этабында Кыргызстан "В" тобунда үч оюнду тең коендой окшош сценарий менен жеңип ала-тоолуктарды кубантты. Окшош дегенибиз 3 беттеште тең, биринчи тайм аяктап баратканда кара кыргыз аталып калган түбү ганалык легионерибиз Дэвид Тетте же Мака Кундун жардамы менен же Каюмжан Шариповдун узатуусун улантып бир гол согот да, анан ошол бойдон коргонуп жатып калабыз. Бул турнирдин жүрүшүндө, мелдеш жыйынтыкталгандан кийин футболго такыр кызыкпагандардын арасында "АФК деген эмне?" деген суроо жообун таба албай жатты. Көбү бул тандап алуу турун жеңген Кыргызстанды Азия чемпионатына чыкты дешсе, такыр футбол дүйнөсүнөн түшүнүгү жоктор "эми Кыргызстан дүйнө биринчилигине барабы?" деп да суроо узатышты. Ушуларды эске алып, АФКнын чакыруу кубогу жана АФК жөнүндө маалымат берүүнү туура көрдүк.
Чакыруу Кубогу
Англисче аталышы "AFC Challenge Cup" болгон мелдеш Азия футбол конфедерациясы тарабынан уюштурулган эл аралык турнир. Бул турнирге футболу артта калган же эми гана жаңыдан жанданып келе жаткан өлкөлөрдүн курамалары катышат. Биз бул турнирди жеңдик деп өтө кубанышыбыздын кереги жок. Анткени, өнүккөн өлкөлөр бул көрүнүштү жетим балдарга колунда бар адамдар кийим-кечек, тамак-аш алып барып бергенде кубанган сыяктуу боор ооруу менен кабыл алышат. Эгер кыргыз бийлигинде намыс болсо, спорт падышасы болгон футболго көңүл буруп, деңгээлин жогорулатышы керек.
АФКнын чакыруу кубогу биринчи жолу 2006-жылы Бангладеште өткөн. 2008-жылдан баштап бул турнирдин жеңүүчүсү Япония, Түштүк Корея, Австралия сыяктуу күчтүү командалар ойногон Азия Кубогуна жолдомо ала башташкан.
Төмөндө кайсы жылы кайсы командалар байгелүү орундарга ээ болушканын келтиребиз:
Жылы Өткөн жери Финал 3-орун
2006 Бангладеш Тажикстан 4:0 Шри-Ланка Кыргызстан, Непал
2008 Индия Индия 4:1 Тажикстан КЭДР
2010 Шри-Ланка КЭДР 1:1 (п.: 5:4) Түркмөнстан Тажикстан
2012 Непал КЭДР 2:1 Түркмөнстан Филиппиндер
2 жылда бир өтүүчү чакыруу Кубогунда алгачкы ирет өткөрүлгөндө биздикилер Непал командасы менен биргеликте коло медалдарды тагынышкан. Кийинки турнирден баштап 3-орун үчүн да беттеш боло баштаган. Өзүңүздөр таблицадан жакшы байкагандай кечээ эле биздикилерге утулган Тажикстан 2006-жылы чемпион болсо, кийинкисинде күмүш, андан кийинки турнирде коло алганга жетишкен. Ал эми Корея Элдик Демократиялуу Республикасы бир ирет 3-орунду алса, кийинки жолу 2 ирет катары менен бул турнирдин чемпиону боло алган. Баса, ушул турнирде такшалып калган КЭДР командасы топтогон тажрыйбасынын пайдасы менен Түштүк Африка Республикасында өткөн акыркы дүйнө биринчилигине барып, Бразилия командасы менен 2:1 эсебинде ойногонго жетишкен. Мындан биз ушул турнирден деле пентекампиондорго гол сокконго жарай тургандай тарбия, тажрыйба алсак болоорун түшүнсөк болчудай.
Азия Кубогу
Эми Азия Кубогун түшүндүрөлү. Бул турнир да АФК тарабынан өткөрүлүп, Азия континентиндеги эң күчтүү командалар күч сынашат. Турнир дүйнө биринчилиги, Европа чемпионаты сыяктуу эле 4 жылда бир өткөрүлүп, аброю жагынан Европа чемпионатынын деңгээлине жакындайт. Жеңүүчүсү жакынкы 48 айга Азия чемпиону деген титулду алып жүрөт жана ФИФА тарабынан уюштурулган конфедерациялардын Кубогуна жолдомо алат.
Алгачкы ирет Азия Кубогу 1956-жылы уюштурулуп, Гонконгдо өткөн ал турнирде Түштүк Корея өлкөсү чемпион болгон.
2004-жылга чейин 4 жылда бир болуп келген турнирди 2007-жылы 4 жыл боло электе өткөрүшүп, так жылдары боло тургандай шарт түзүшкөн. 2011-жылы Катарда өткөн Азия Кубогунда финалда Австралияны утуп алган Япония чемпион аталган. Андыктан, учурдагы Азия чемпиону Япония экенин эстеп коелу.
Азия Кубогунда эң көп чемпион болгон командалар:
1) Япония 4 ирет чемпион болгон (1992, 2000, 2004, 2011)
2) Сауд Аравиясы 3 ирет чемпион болгон (1984, 1988, 1996)
3) Иран 3 ирет чемпион болгон (1968, 1972, 1976)
4) Түштүк Корея 2 ирет чемпион болгон (1956, 1960)
АФК
Азия футбол конфедерациясынын англисче аты - Asian Football Confederation, кайсы тилде болбосун кыскартылганы – AFC. Бул Азия аймагындагы башкы футбол уюму. 1954-жылы 8-майда түзүлгөн. Башкы кеңсеси Малайзиянын Куала-Лумпурунда жайгашкан. Учурдагы президенти Катардын жараны Мухаммед ибн Хамам. АФКга 46 өлкө мүчө. Алардын 45 Азия континентинин мамлекеттери жана бирөө жетим калган Австралия. Израиль менен Кипр жана Европа менен Азиянын ортосунда жайгашып калган Россия, Казакстан, Грузия, Армения, Азербайжан, Түркия өлкөлөрү УЕФАнын мүчөсү болушкан. АФК географиялык жана этномаданияттык принциптер менен 4 аймакка бөлүнгөн:
АСЕАН футбол федерациясы:
• Австралия
• Бруней
• Чыгыш Тимор
• Вьетнам
• Индонезия
• Камбоджа
• Лаос
• Малайзия
• Мьянма
• Сингапур
• Таиланд
• Филиппиндер
Чыгыш Азия футбол федерациясы:
•Гонконг
•Гуам
• Кытай
• КНДР
• Макао
• Монголия
• Тайвань
• Түштүк Корея
• Япония
Батыш Азия футбол федерациясы:
• Бахрейн
• Иордания
• Ирак
• Иран
• Йемен
• Катар
• Кувейт
• Ливан
• Бириккен Араб Эмирлиги
• Оман
• Палестина мамлекети
• Сауд Аравиясы
• Сирия
Борбордук жана Түштүк Азия футбол федерациясы:
• Афганистан
• Бангладеш
• Бутан
• Индия
• Кыргызстан
• Мальдив аралдары
• Непал
• Пакистан
• Тажикстан
• Түркмөнстан
• Өзбекстан
• Шри-Ланка
Мыкты футболчулар
1994-жылдан баштап АФК жыл сайын жылдын мыкты футболчусун тандайт. Ага чейин 1988-жылдан баштап жылдын мыкты оюнчусун Эл аралык футбол тарыхы жана статистикасы федерациясы аныктап келген. Биздин континентте кимдер мыкты болгонун билип койгон ашыкча болбос:
Жыл Футболист Атуулдугу Клубу
1988 Ахмед Радхи Флаг Ирака Ирак Флаг Ирака Аль-Рашид
1989 Ким Джу Сон Флаг Республики Корея Корея Республикасы Флаг Республики Корея Дэу Ройялс
1990 Ким Джу Сон Флаг Республики Корея Корея Республикасы Флаг Республики Корея Дэу Ройялс
1991 Ким Джу Сон Флаг Республики Корея Корея Республикасы Флаг Республики Корея Дэу Ройялс
1992 Наам берилген эмес
1993 Кадзуёси Миура Флаг Японии Япония Флаг Японии Верди Кавасаки
1994 Саид Аль-Овайран Флаг Саудовской Аравии Сауд Аравиясы Флаг Саудовской Аравии Аль-Шабаб
1995 Масами Ихара Флаг Японии Япония Флаг Японии Иокогама Маринос
1996 Ходадад Азизи Флаг Ирана Иран Флаг Ирана Бахман
1997 Хидэтоси Наката Флаг Японии Япония Флаг Японии Бельмаре Хирацука
1998 Хидэтоси Наката Флаг Японии Япония Флаг Италии Перуджа
1999 Али Даеи Флаг Ирана Иран Флаг Германии Герта
2000 Наваф Аль-Темьят Флаг Саудовской Аравии Сауд Аравиясы Флаг Саудовской Аравии Аль-Хиляль
2001 Фань Чжии Флаг Китайской Народной Республики Кытай Флаг Шотландии Данди
2002 Синдзи Оно Флаг Японии Япония Флаг Нидерландов Фейеноорд
2003 Мехди Махдавикия Флаг Ирана Иран Флаг Германии Гамбург
2004 Али Карими Флаг Ирана Иран Флаг ОАЭ Аль-Ахли
2005 Хамад Аль-Мунташари Флаг Саудовской Аравии Сауд Аравиясы Флаг Саудовской Аравии Аль-Иттихад
2006 Хальфан Ибрахим Флаг Катара Катар Флаг Катара Аль-Садд
2007 Яссир Аль-Кахтани Флаг Саудовской Аравии Сауд Аравиясы Флаг Саудовской Аравии Аль-Хиляль
2008 Сервер Джепаров Флаг Узбекистана Өзбекстан Флаг Узбекистана Бунёдкор
2009 Ясухито Эндо Флаг Японии Япония Флаг Японии Гамба Осака
2010 Саша Огненовски Флаг Австралии Австралия Флаг Республики Корея Соннам Ильхва Чхонма
2011 Сервер Джепаров Флаг Узбекистана Өзбекстан Флаг Саудовской Аравии Аль-Шабаб