Өткөн жылдын 17-августунда экс-президенттин иниси Жаныш Бакиев Белоруссиянын Минск шаарында сейилдеп жүргөн жеринен белоруссиялык журналист Михаил Пашкевич сүрөткө тартып алып, интернетке жайылтып жибергени эсиңерде барбы? Ошол сүрөттөгү Болотбек Кошоев "Жаңы Агым" гезитине кенири маек курду.
Минскиге жумуштары менен барганын айткан Кошоев Бакиевге кокусунан жолугуп калганын билдирди. "Кыргызстан Бажы союзуна кошулуу алдында турбайбы. Мындан улам, бул уюмга кирген мамлекеттердеги ишкерликтин абалын иликтей баштадым. Былтыр Казакстан аркылуу Россияга, андан ары Белоруссияга учуп баргам. Кафенин "Грюнвальд" деген аталышы дагы деле эсимде, тамактануу үчүн кирип калдым. Кирсем Жаныш Бакиев эки киши менен тамактанып отуруптур. Ал-акыбалды сурашып, 35-40 мүнөттөй баарлашып отурдук" дейт ал.
Сөзүн андан ары улаган Болотбек мырза Жаныш Бакиев менен 1984-жылдан бери дос экенин баса белгиледи.
Бул маектин уландысын "Жаңы Агым" гезитинин 29-мартта жарык көрчү санынан окуй аласыз.