Кыргыз-казак айтышындагы кош байге

Нооруз майрамына карата Бишкекте өткөн эл аралык айтышта кыргызстандык акын Элмирбек Иманалиев жана казакстандык акын Аликбек Мусаев Баш байге алды. Айтышта төрт орунга чейин кош байге коюлду. Тактап айтканда, Баш байгеге жана биринчи, экинчи, үчүнчү орундарга сыйылыктар ар бир элдин бирден акындарына ыйгарылды.

КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Баш байгенин ээси Элмирбек Иманалиев "Жаңы Агым" гезитинин эртең, 29-мартында, жарык көрө турган маегинде сынак боюнча айтып келатып, акындар үчүн кош байгени Кыргызстан тарап гана коюп келатканын айтып кетти. "Кош байге коюлган айтыш мен билгенден ушуну менен экинчи жолу өттү. Биринчи жолу 2008-жылы так ушундай кош байге коюлган айтыш өткөн. Мындай кош байге "Айтыш" коомдук фондунун атайын демилгеси менен уюштурулуп келатат. Бул аракеттин биринчи максаты эки элдин акындарын тең нааразы кылбоо. Менимче мунун келечеги жакшы. Биз казактар бизге баш байге бербей койду деп таарынбастан аларга үлгү болуп келатабыз", –деди Иманалиев.

Маектин толук версиясын "Жаңы Агым" гезитинин жаңы санынан окусаңыздар болот.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД