Кургак учуктун дарыга туруктуу формасына кабылган бир бейтапты дарылоого 4-7 миң доллар кетет. Бул тууралуу Бүткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөшүү күнгө арналган маалымат жыйында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Марат Калиев билдирди. Эскертсек, Бүткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөшүү күнү 24-мартта белгиленет.
Анын айтымында, кургак учук менен ооругандар аягына чейин дарыланбагандыктан, алардын оорусу өрчүшүп, дарыга туруктуу формага айланууда. "Кургак учуктун дарыга туруктуу формасы менен ооруган киши дени сак адамга оорунун ушундай формасын жуктурушу мүмкүн деген коркунуч чоң", - дейт Калиев.
Ал өз сөзүндө кургак учукка каршы колдонулуучу дары-дармектер донорлордун каражатына сатылып алынарын белгилеп өттү.