Вице-мэр Красиенконун жумуштан алынуусун жалган деп аташты

"Вячеслав Красиенко учурда бюджеттик каражаттын эсебинен Санкт-Петербургда жүрөт. Анан аны кантип жумуштан алышты?", - деп бүгүн, 19-мартта, шаардык кеңештеги "Республика" фракциясынын депутаты Эрнис Докенов вице-мэр Красиенконун жумуштан алынышы боюнча пикирин "ВБ"га билдирди.

"Мэр бул нерсени бардыгын тынчтандыруу үчүн жасап атат. Чындыгында эч кандай арыз жок. Бюджеттик каражаттын эсебинен командировкада жүргөн киши кантип жумуштан кетүү тууралуу арызын жаза алат? Аны эч ким отставкага кетирүүгө укугу жок", - дейт депутат.

Ал шаар башчысынын сөзүнө ишенбей турганын билдирди. Республикачы ошондой эле учурда мэрияда болуп аткан кадрдык алмашуулар оппозициялык партиялар үчүн түшүнүксүз болуп атканын белгиледи.

"Ал мамлекетке чоң зыян алып келген аткаминерди кетирип атат. Кийин ал жумушунан өз ыктыяры менен кеткени айтылды. Бул болсо административдик жоопкерчилик болуп саналбайт. Андан сырткары ал аткаминер муниципалитеттен толугу менен кетирилген жок. Мындай кадрдык саясат бизге түшүнүксүз. Ал эми Красиенкого келе турган болсок, анын арыз жазганына ишене албайм. Анткени ал командировкада жүрөт", - дейт Докенов.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД