Санитария, ветеринария жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын маалымат кызматы билдиргендей, 2012-жылы Бишкекте 1 871 кичи мүйүздүү жана 1 335 ири мүйүздүү мал бурцеллезго каршы текшерилген.
Ошондой эле 25 302 ит кутурмага каршы эмделген.
Мал доктурлардын айтымында, борбордогу эпизоотикалык абал жакшы.