ИИМди реформалоонун концепциясы өкмөттүн бүгүнкү, 13-февралдагы, жыйынында премьер-министрдин катышуусу менен талкууланды. Жыйын учурунда ички иштер министр Шамил Атаханов ИИМди реформалоонун концепциясын даярдоого катышкан коомдук ишмер Урмат Казакбаевдин тапкан кирешесине кызыкты.
Казакбаев долбоорлорду түзүү менен акча табарын белгиледи.
"Мага акчаны кайдан аларыңыз кызыктырып атат жана мамлекеттик маанилүү маселелерди чечүүдө канчалык компетенттүүсүз", -деди министр. Ошол эле учурда ал Казакбаевдин "жакшы кийингенин" баса белгиледи.
Активист ИИМди реформалоо боюнча концепцияны иштеп чыгууга "бир гана мекенди сүйүү сезиминен улам" катышканын түшүндүрдү.