Депутаттар үй жандыктарын паспорттоштуруу ийгилик жаратарынан күмөн санашууда

Жогорку Кеңештин агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитети бүгүнкү, 11-февралдагы, жыйынында "Жаныбарларды индентификациялоо жөнүндөгү" мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Сайдулла Нышанов "Ветеринардык кызматта тартип болмоюн, мал доктурлар жаныбарларды идентификациялай албайт", - деп билдирди.

Белгилей кетсек, аталган юридикалык документ өкмөт тарабынан демилгеленген. Ал жаныбарлардын ден-соолугун сактоого, мал этинен жасалган азыктардын сапатын жакшыртууга, эл аралык мал сатууда атаандыкты жаратууга багытталган. Мыйзам долбоорунда жаныбарларды идентификациялоодон тышкары аларды каттоого алуу да каралган.

Арнамысчы Талантбек Узакбаев эмне үчүн мыйзам долбоорунда ит менен мышык үй жаныбары катары көргөзүлбөгөндүгүнө кызыкты. Анын айтымында, дал ушул жаныбарлардан адамдарга көп түрдүү оорулар жугат. Ал ошондой эле Кыргызстанда буйволдун эти сатылып атканына ачууланды. "Буйвол этинин бизде сатылышына силер кантип уруксат бердиңер? Эт Индиядан алынып келинет, ал жакта үйдүн кутурма оорусу катталганбы?",- деп суроо салды Узакбаев.

Депутат Эсенгул Исаков атка минерлер айбанаттарды идентификациялай албашы мүмкүн деген ойдо. Депутат ушундай ыкма Түркия жана Казакстанда колдонулганын белгилеп, малды идентификациялоо иши бир да мамлекетте аягына чыкпай калганын кошумчалады.

Белгилей кетсек, ири мүйүздүү идентификациялоода Чүй облусу сынама долбоор катары тандалып алынат. Бул облуста 8 район бар, алардын ар биринде жыйырмадай айыл бар. Жаныбарларга паспорт берүү үчүн ар бир айылда жана фермердик чарбада экиден киши окутулат. Кийин алар малдын көчүп-конуусу боюнча маалыматтарды топтоп турат. Мыйзам демилгечилери Чүй облусунун ар бир айылындагы ири мүйүздүү малдын саны 3-5 миң башка жетет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД