Илимдер академиясынын башына татыктуу киши келди деп ойлойм. Мындан ары ишин ийгилик коштосун.
Бүгүн Улуттук илимдер академиясынын жалпы кеңешинин 40 катышуучусу бир добуштан Абдыганы Эркебаевди академиянын президенти кылып шайлады.
Эскертсек, Илимдер академиясынын президенттигине талапкерди көрсөтүү өкмөттүн артыкчылык укугу болуп эсептелет жана бул кызматка өкмөт Эркебаевдин талапкерлигин сунуштаган.