Садыков: 2012-жылы пландалган 72 китептин 59у басылып чыкты

"2012-жылдагы кыйынчылыктарга карабастан 72 аталыштагы окуу китептин 59у басылып чыкты",- деп Билим берүү жана илим министрлигинин өткөн жылы жасаган иштери тууралуу маалымат жыйынында Канат Садыков билдирди.

Анын айтымында, 300 млн сомго басылып чыгууга пландалган окуу китептеринин тиражы 3 млн 203 миң 890 экземпляр. Ошол эле учурда басылып чыккан окуу китептеринин тиражы 2 млн 536 миң 890 даана.

Министр ошондой эле учурда мектептерди китеп менен камсыз кылуу 72%ды түзөөрүн баса белгиледи.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД