Өзбекстан Ош облусунун Барак анклавына келген гуманитардык жардамдарды өткөрбөй атат. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат-катчысы Мамажан Бердишев "ВБ"га билдирди.
Анын айтымында, Өзбекстандын чек арачылары Кыргызстандын жарандары үчүн бараткан гуманитардык жардамды өткөрбөй атат. Алар 7-январдан бери өзбек тарап чек араны бир тараптуу жаап салгандан бери кыйналышууда.
"Кыргыздардын Барак анклавы Ош облусунун Кара-Суу районуна карайт. Жергиликтүү администрация өз жарандарына бир нече машина жардам жиберишкен, бирок Өзбекстан биринчи керектелүүчү жардамды өткөрбөй атат", - дейт Бердишев.
Эскертсек, 5-январда Сох анклавында жашаган миңден ашуун Өзбекстандын жарандары чек ара тосотуна кол салып, участкалык милицияны сабап салышкан. Жаңжал кырызстандын чек арачылары анклавдын аймагынан электр зымдарын алып өткөндүктөн жергиликтүү тургундардын жини келип чыккан деп айтылат. Жаңжал учурунда чек арачылар ок чыгарышкан.