МУККны эң түнт ведомство деп аташты

Бүгүнкү күнү эң жабык ведомство болуп Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматы болуп эсептелет. Мекеме бюджеттик каражаттын сарпталышы тууралуу отчет берүүдөн баш тартып келет. Мындай маалыматты журналисттер менен болгон бүгүнкү, 23-январдагы, жолугушууда "Прецедент" тобунун төрагасы, юрист Нурбек Токтокунов билдирди.

"МУКК маалымат берүүдөн баш тартып, чыгымдар тууралуу маалымат коопсуздукка коркунуч жаратат деп түшүндүрүшүүдө. МУКК эмне менен алектенип атканы белгисиз, алар кайдагы бир жомоктогу коркунучтар менен күрөшүп аткандай", - дейт Токтакунов.

Ал ошондой эле бюджеттик каражаттын коротулушунун ушул сыяктуу ачык болбошу мамлекеттик мекемелердин жетекчилерине бюджеттик каражатты 20%га чейин коромжу кылып сарптоого мүмкүндүк түзүүдө деген пикирин кошумчалады. "Жөнөкөй тил менен айтканда каражатты уурдап атат", - дейт ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД