"Акыйкатчылыкка татыктуу талапкерлер болуп биринчи акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу жана учурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун аталууда",- деп оппозициялык "Республика" фракциясынын депутаты Нурбек Мурашев "ВБ"га берген маегинде билдирди.
Ошентсе да ат салышып аткан 16 талапкер өз-өзүнчө бул орунга тактыктуу деп кошумчалады.
"Эки талапкер тең иштей ала турганын көргөздү. Ошол эле Турсунбай Бакир уулу акыйкатчы тууралуу мыйзамдын автору болуп эсептелет. Ошондой эле БШКны башкарып туганда өзүнүн принципиалдуулугун көргөзгөн Акылбек Сариев да бул орунга татыктуу. Ал эми жашыруун сүйлөшүүлөр болуп атыптыр деген кептер чындыкка дал келбейт. Жашыруун түрдө эч ким сүйлөшкөн жок", - дейт Мурашев.