"Караколдогу ипподромго азыр эл картошка айдайт. Ипподром бузулуу коркунучунда турат", - деп Ысык-Көлдөгү "Камбар-Ата" жылкы өстүрүү ассоциациясынын президенти Бектурсун Алышбеков билдирди.
Анын айтымында, учурда ипподром – банктардын биринде 350 миң долларга күрөөдө турат.
"Биз өз облусубуздагы көп депутатка кайрылдык, алар эл менен жолукканда өзүнүн иштеп атканан башка эч нерсе айтпайт. Өзгөчө депутат Талант Узакбаевдин аталган маселеге болгон көңүл кош мамилесин айтууга болот", - деп нааразы болду Алышбаев.