MegaComдун мурдагы менеджерлерине пленшент колдонууга уруксат берилген жок

Биринчи Май райондук сотунун судьясы бүгүн "Альфа Телеком" ЖАКтын мурдагы башкы директору Алмазбек Абековдун адвокаты Икрамидин Айткуловдун өтүнүчүн канааттандырган жок. Адвокат жактоочусуна тергөө абагында портативдик компьютер колдонууга уруксат берүүнү суранган.

Айткулов айыпталуучу иш тууралуу материалдар менен кагаз түрүндө тааныша алат деп уруксат берилгенин айтат.

"Бирок дүйнө бир жерде токтоп калган жок. Азыр портативдик компьютер менен колдонууга болот. Азыркы мыйзам советтик негизге таянгандыктан ал такталган эмес", - дейт адвокат.

Мамлекеттик айыптоочу Асаналы Иманбеков планшеттик компьютер колдонууга уруксатты тергөө абагынын жетекчилиги берет деп белгиледи.

"Эгер тергөө абагында техника колдонууга тыюу салынбаса, эмне үчүн болбосун? Бирок мыйзам ага уруксат бербесе, сот ага мүмкүндүк бербеш керек", - дейт ал.

Жыйынтыгында сот Айткуловдун өтүнүчүн канааттандырган жок.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД