Сабировдун сот иши шаардык судьянын курамы жаңылангандыктан болбой калды

Мурдагы Социалдык өнүгүү министри Равшан Сабировдун сот иши белгисиз мөөнөткө кайтадан жылдырылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунан "ВБ"га билдиришти.

Белгиленгендей, президенттин 2013-жылдын 17-январындагы буйругуна ылайык Бишкек шаардык сотуна судьялардын жаңы курамы дайындалган.

Ант берүү, Бишкек шаардык сотунун жетекчилигин шайлоо жана тийиштүү сот коллегияларын түзүү иштери боло тургандыктан 23-январга белгиленген бардык иштер белгисиз мөөнөткө жылдырылды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД