Дарыгерлер Талант Мамытовдун абалын карап, ооруканага жаткыруу маселесин чечет

Кечээ, 22-декабрда, Турсунбек Акун жана акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери МУККнын убактылуу тергөө абагына камакка алынган "Ата-Журт" фракциясынын депутаттары Садыр Жапаров жана Талант Мамытовго жолугуп кайтышты.

Акыйкатчы камакта отургандардын шарты, ден-соолугу жана эреженин сакталышы менен таанышты.

Акыйкатчынын басмасөз кызматы билдиргендей, депутаттар убактылуу тергөө абагындагы шарт боюнча арызданышкан эмес, МУККнын кызматкерлерине да нааразычылыгы жок.

Депутат Садыр Жапаров ден-соолугу боюнча арызданган эмес, "ал алдуу, күчтүү". Талант Мамытов болсо эки айдан бери такай башы ооруганын айткан. Депутат баш оору, көңүл айнуу, уйкусуздук боюнча дарыларды ичүүдө деп маалымдайт акыйкатчынын басмасөз кызматы.

Акун МУККнын тергөө абагынын жетекчилиги менен Мамытовду стационардык дарылоо боюнча сүйлөшүү жүргүзгөн. "23-январда травматолог, терапевт жана башка дарыгерлер Мамытовдун абалын текшеришет. Андан соң гана аны ооруканага жаткыруу жана стационардык дарылоо маселеси чечилет",- деп билдирди МУККнын тергөө абагынан жетекчилиги.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД