Панфилов районунда чыккан өрттөн эркек киши каза болду

Панфилов районунда чыккан өрттөн эркек киши каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери билдирди.

Өрт тууралуу билдирүү "101" пультуна кечээ, 22-январда, саат 18-00дө келип түшкөн. Кайыңды айылынын тургундары үйдөн күйүктүн жытын байкашып, өрт өчүргүчтөрдү чакырган. Өрт 34 жаштагы эркек киши жашаган үйдө чыккан.

ӨКМнын кызматкерлери анын жансыз денесин табышкан. Үй ээси балким түтүнгө ууланып өлүшү мүмкүн. Алдын ала маалымат боюнча өрттүн чыгышына колго жасалган жылыткыч себеп болушу мүмкүн.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД