21-январдан тарта өзбек тарап бир тараптуу түрдө кыргыз-өзбек чек арасында орун алган "Кызыл-Кыя – темиржол", "Кара-Суу – темиржол", "Жалал-Абад - темиржол" жана "Шамалдуу-Сай - темиржол" өткөрүү пунктарын жапты. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын ЖМК жана коом менен байланыш бөлүмү билдирди.
Маалымдалгандай, "Кара-Суу - темиржол" өткөрүү пункту техникалык себептен улам жабылган. Ал эми калган өткөрүү пунктарынын жабылышы тууралуу маалыматты өзбек тарап берген эмес.