"Кыргызстан "Кумтөр Оперейтинг Компани" менен соттошууга даяр", - деп Жогорку Кеңештин отун-энергетикалык комплекси жана кен байлыктарды колдонуу боюнча комитетинин жыйынында Экология жана техникалык коопсуздук мамлекеттик инспекциясынын жетекчиси Осмонбек Артыкбаев билдирди.
Анын айтымында, ведомстволор аралык комиссиянын жыйынтыгы боюнча канадалык компанияга экологияга келтирген зыяны 7 млрд сом деген доомат тагылган. "Эң чоң зыян мөңгүлөргө келтирилген. Учурда "Кумтөр" менен сүйлөшүү жүрүүдө. Алар ишти сотто чечүүгө даяр экенин айтышууда. Биз "Кумтөр" менен соттошконго даярбыз. Комиссияда ар кайсыл мамлекеттен тартылган адистер менен эксперттер иштеди. Алар да экология бузулганы менен макул болушту", - дейт Артыкбаев.