Жогорку Кеңештин коргонуу жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы, "Ар-Намыс" фракциясынын депутаты Токон Мамытов Кыргызстандын Чек ара кызматынын төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн КР президент аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.
Эскертсек, буга чейин бул кызматта Закир Тиленов иштеп келген.