Кыргызстанда интернет-колдонуучулардын саны 800 миңге
2012-жылы кыргызстандыктар интернет жана уюлдук байланышты көп колдоно баштаганы аныкталган. Бул тууралуу бүгүн журналисттер менен болгон жолугушууда Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин статс-катчысы Максатбек Дыйканов билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстанда уюлдук байланышты колдонгондордун саны 6,3 млн кишиге жетет. Бул 2011-жылга салыштырмалуу 8%га көп. Ал эми интернет колдонуучулардын саны 3,2 млн кишиге жетип, өсүш 26% болгон.