Бүгүн, 14-январда, Кыргызстандын стратегиялык өнүгүү программасын талкуулоо учурунда "Демократия жана жарандык коом үчүн" коалициясынын жетекчиси Динара Ошурахунова мамлекеттин коопсуздугуна өзгөчө көңүл буруу керектигин белгиледи.
"Экономикалык жактан өнүгүү программасы жакшы жазылган, бирок Кыргызстан – постконфликтик өлкө. Андыктан мамлекетибиздин коопсуздук тараптан өнүгүүсүнө көңүл буруу кажет. Биз улуттук стратегия программасын талкуулоодо активдүү катышып, өз сунушубузду киргиздик", - дейт Ошурахунова.