"Ата-Журт" фракциясынын депутаттары Камчыбек Ташиев, Талант Мамытов жана Садыр Жапаровдун сот ишине Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү киргизилген жок. Сот иши бүгүн, 10-январда, Биринчи Май райондук сотунда өтүүдө.
Сот залына айыпталуучулардын жакындары гана киргизилди.