Марат Аманкулов кайтадан Бишкек шаардык кеңештин төрагалыгына шайланды. Ал шаардык кеңештин бүгүнкү алгачкы жыйынында 44 депутаттын 34түнүн добушуна ээ болду.
Эскертсек, Аманкуловдун талапкерлигин КСДП, "Ата Мекен" жана "Замандаш-Современник" фракцияларынын түзүлгөн көпчүлүк коалиция көргөзгөн. Буга чейин "Республика" фракциясы шаардык кеңештин төрагасын шайлоодо мыйзам бузуулар тууралуу билдирген болчу.