28-31-декабрь күндөрү Бишкек-Ош жолунун 121чи чакырымынан 385чи чакырымга чейинки жолдо кар көчкүлөрүн аткылап түшүрүү иштери жүрөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басмасөз кызматы билдирди.
ӨКМ айдоочуларды бул күндөрү күндүзгү убакта жолго чыкпоону суранат.