Депутаттар “Кыргызгаздын” башчысынын тагдырын чечүүгө камынышууда

Депутаттар "Кыргызгаздын" башчысы Тургунбек Кулмурзаевга ишеним көргөзбөө вотумун талкуулагыны жатышат. Мындай демилгени Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 27-декабрдагы, жыйынында депутаттар Турсунбай Бакир уулу, Бөдөш Мамырова жана Өмүрбек Абдырахманов көтөрүп чыкты.

Эскертсек, буга чейин депутат Мамырова Кыргызстандагы энергетикалык абалга байланыштуу Кулмурзаевди иштен чегинүүсү боюнча токтомго сунуш киргизген болчу.

Бүгүн депутаттар ишкананын ээсине карата макул же каршы деп добуш беришет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД