28-30-декабрь күндөрү Бишкек мэриясы жана Чүй облустук администрациясы менен биргеликте уюштурулган жаңы жылдык жарманке өтөт. Ал жерде айыл-чарба азыктары жана жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн продукциялары коюлат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басмасөз кызматы билдирди.
Маалымдалгандай жарманкеде сатылуучу товарлардын баасы базар баасынын төмөн. Жарманке Ибраимов жана Жумабек көчөлөрүндө өтөт.