Кыргызстанда жеке финансылык уюмдардын артында криминал турат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештеги экономикалык жана фискалдык саясат боюнча эки комитеттин биргелешкен жыйынында "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстанда микрокредиттик уюмдар кеңири жайылган. "Мамлекет тарабынан бул категориядагы ишкердик тескелбейт. Микрокредиттик уюмдар жана ломбарддар азыр таза эмес иштешет жана алар мамлекеттин көзөмөлүндө болбой дээрлик көмүскө банктык структурага айланып кетти. Алар Улуттук банк тарабынан да текшерилбейт. Эреже боюнча алардын пайызы күнүмдүк. Ошентип алардын бир жылда тапканы дээрлик 60дан 365 пайызга чейин жетет. Бул орто эсеп менен банк кредитинин ченеминен 20 эсе жогору", - дейт ал.
Ошондой эле депутаттын айтымында, кредиттик макулдашууга ылайык өз убагында карызын төлөбөгөнү үчүн кошумча айып пул да салынат. "Карыз алган адам бир күн кечигип калса ал сумманын 0,5%дан 2%га чейин төлөйт. Бир айда айып пул 60%га чейин өсүшү мүмкүн. Ушундан улам мыйзам долбоору иштелип чыкты. Ага ылайык, чендин көлөмү мыйзам талап кылган чектөө менен аныкталат. мыйзам долбоору акылга сыярлык пайыздык ченди белгилөөгө жана тийиштүү иштерди сотто кароого багытталган",- дейт эл өкүлү.
Депутат жеке финансылык уюмдардын артында криминал турарын айтты. "Алар атайылап калкты мажбурлап, пайызы жогору насыяларды беришет. Андан соң алдоо жолу менен алардын мүлктүн тартып алышат", - дейт ал.