Нурдин Тынаев: Эгемендик алгандан бери миллиондой жаран сыртка чыгып кеткен

Эгемендик алгандан бери өлкөдөн 900 миңден ашуун Кыргызстандын жараны чыгып кеткен. Бул тууралуу 18-декабрда “Миграциялык саясат: иштеген мигранттардын укугун, кызыкчылыгын жана алардын үй бүлө мүчөлөрүн коргоо” аттуу конференцияда Жаштар, жумуш жана иш менен камсыз кылуу министрлигине караштуу Ишке орноштуруу борборунун директору Нурдин Тынаев билдирди.

Анын айтымында, сөз улуттук азчылык, каттоосу жок жана эмгек миграциясында жүргөндөр тууралуу болдууда. “Эгемендик алгандан бери биз миллионго жакын жаранды жоготтук”, - дейт Тынаев.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД