“Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев жаш адистерге карата түшүнүксүз кадр саясатын жүргүзүүдө”, - деп “Ата-Журт” фракциясынын депутаты Жылдызкан Жолдошова “ВБ”га билдирди.
Анын айтымында, Сатыбалдиев талапкерлиги премьерлик кызматка жактырылгандан баштап “ант берүү салтанатын күтпөй туруп, мамлекеттик аппаратта иштеген жаш кадрларды жумаштан кетире баштаган”.
“Өкмөттүн мамлекеттик аппаратындагы жаш кадрлар Сатыбалдиевдин премьер болуп келиши менен эч негизсиз жумуштан чыгарылган. Мисалы, өкмөттүн тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Садыков. Ошондой эле Самат Кылжыбаев, Маматалиев жана башка мамлекеттик аппараттын 20 кызматкерин эч себепсиз көчөгө тыштап коюшту. Өкмөт башчынын мындай кадр саясаты керек болсо саясатчылар арасында кыжырданууну пайда кылууда”, - дейт депутат.
Ал Сатыбалдиевдин кадр саясатына “өтө олуттуу” мамиле кылышы керек деген ойдо. “Премьер-министрдин жаш адистерге карата мындай мамилеси кадр жетишсиздигине алып келиши ыктымал. Бул маселеде ар дайым жаш муундарга артыкчылык берилиши керек”, - дейт Жолдошова.
Депутат өкмөт кадр саясатын коңшу мамлекеттерден үйрөнүшү керек деп эсептейт. “Мисалы, Казакстанда кадрлардын резерви программасы так иштейт. Казакстандын өкмөтү перспективдүү балдарды мектеп жашынан баштап эле тандайт жана Жогорку окуу жайдын башкаруу багытындагы факультеттерге жөнөтөт. Билим алгандан кийин өкмөт аларды жумуш менен камсыздайт”.
Жолдошова эч себепсиз мамлекеттик аппараттан жумуштан алынган 20 кызматкерди премьер-министр кайтадан кызматка алышы керек деп баса белгиледи.
Жолдошова Сатыбалдиев массалык жумуштан алуу себебин түшүндүрүп бере алган жок дейт.
“Мен алардын эмне үчүн жумуштан кеткенин түшүнө алган жокмун. Мен премьердин мамлекеттик аппараттан жаш адистердин жумуштан кеткендигинин себебин сураганда, Сатыбалдиев жыйын учурунда микрофон иштебегендиктен бир кызматкер жумуштан кеткендигин айтты. Биз алардын тагдырын талкалап атабыз. Мамлекеттик кызматкердин жумуштан кетишине маанилүү себеп болушу керек”, - дейт эл өкүлү.