Казакстан Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 21-жылдыгына карата болгон кабыл алууда Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Бейбит Исабаев, эки мамлекет ортосундагы товар айлануу биринчи жолу 750 млн доллардан 1 млрд долларга чейин жетет деп билдирди.
Эске салсак, Казакстанда эгемендүүлүк күнү 16-декабрда белгиленет. 1991-жылы өлкө акыркылардан болуп эгемендүүлүгүн тааныган.