Садыркуловдун жесири: Экс-президент Бакиев күйөөмдү жок кылуу тууралуу билген

“Кыргызстандын экс-президенти Курманбек Бакиев менин күйөөмдү жок кылуу тууралуу билген”, - деп КР президентинин мурдагы аппарат жетекчиси Медет Садыркуловдун жесири Айнагүл Садыркулова билдирди.

Эске салсак, бүгүн КР президентинин мурдагы аппарат жетекчиси Медет Садыркулов, Стратегиялык изилдөөлөр эларалык институтунун директору Сергей Слепченкө жана айдоочу Кубат Сулаймановдун өлүмү боюнча сот иши уланууда.

Садыркуловдун жесиринин айтымында, Курманбек Бакиев менен Медет Садыркуловдун мамилеси жакшы болгон. Алардын ортосунда эч кандай түшүнбөстүк болгон эмес, бирок анын иниси - Мамлекеттик коргоо кызматынын мурдагы жетекчиси Жаныш Бакиев менен карама-каршылыктар болгон. Мисал катары ал 2007-жылы Жаныштын кызматтык абалынан пайдаланып “Жаңы жылдык белек катары кесилген кулак менен колдун манжасын” таштаттырганын айтты.

Айнагүл Садыркулованын айтымында, Медет Садыркулов бул кимден келген “белек” экенин билген. Ал Жаныш Бакиев болуп чыккан. "Президент иниси үчүн Медеттен кечирим сураган, андан кийин ал унутулуп деле калган", - дейт ал.

“Түшүнбөстүктөр жоюлуп Жаныш менен Медеттин мамилеси жакшырды деп ойлогонбуз. Бирок кийин да анча чоң эмес түшүнбөстүктөр чыккан”, - дейт Айнагүл Садыркулова.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД