Криминалдык авторитет Камчы Көлбаевдин адвокаты болуп Сергей Манукян гана калды. Бул тууралуу Көлбаевдин мурдагы жактоочусу Икрамидин Айткулов 8-декабрда “ВБ”га билдирген.
Айткуловдун айтымында, анын иши азыр көп болгондуктан мурдагы жактоочусун коргой албайт.
Буга чейин “мыйзамдагы уурунун” эки адвокаты болгон.
Эске салсак, криминалдык авторитет Камчы Көлбаев 8-декабрда Бишкекке алынып келген.