Кыргызстандык кыздар дзюдо боюнча эларалык турнирде эки алтын медаль жеңди

Кыргызстандык дзюдочу кыздар 3-5-декабрда Усть-Каменгорск (Казакстан) шаарында А.Чагаеванын жаркын элесине арналган дзюдо боюнча эларалык турнирде эки алтын жана эки коло медаль утуп алышты.

Биринчи орунду 52 кг категориясы боюнча Ксения Бельдягина алса, 63 кг салмакка чейинки категория боюнча Мээрим Момунова татыктуу болгон. Ал эми үчүнчү орунга Айжан Кадырбекова (70 кг чейин) жана абсолюттук салмак категориясы боюнча Мээрим Момунова татыктуу болгон.

Кыздар курамасын Азия чемпионатынын эки жолку коло медалынын ээси, дзюдо боюнча спорттун эларалык мастери, 2000-жылкы олимпиадалык оюндардын катышуучусу Ольга Артамонова машыктырат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД