ШКУ жыйынына байкоочу-мамлекеттердин делегациясы мамлекеттик резиденцияга келди

ШКУ жыйынына байкоочу-мамлекеттердин делегациясы Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңейтилген жыйынына катышуу үчүн “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясына келишти.

Учурда жыйын тар чөйрөдө өтүүдө. Өкмөт башчылардын жана уюмдун башкы катчысынын чогуу сүрөткө түшүшү күтүлүүдө.

Эске салсак, ШКУ-2012 саммитине катышуу үчүн Кытай мамлекеттик кеңешинин премьери Вэнь Цзябао, Орусия өкмөтүнүн башчысы Дмитрий Медведев, Казакстандын премьер-министри Серик Ахметов, Тажикстандын премьер-министри Акил Акилов, Өзбекстан премьер-министринин биринчи орун басары Рустам Азимов келди.

ШКУнун жыйынына байкоочу болгон мамлекеттерден Монголиянын премьер-министри Норовын Алтанхуяг, Ирандын биринчи вице-президенти Мохаммад-Реза Рахими, Афганистандын вице-президенти Мохаммед Карим Халили, Пакистандын маалымат жана телеберүү боюнча федералдык министри Камар Заман Каира, Индиянын тышкы иштер боюнча вице-министри Санджай Сингх жыйынга катышуу үчүн келишкен.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД