Сатыбалдиев менен Медведев президенттердин келишимдерин ишке ашырууну талкуулайт

Кыргызстан жана Орусиянын премьер-министрлери Жантөрө Сатыбалдиев менен Дмитрий Медведев эки мамлекеттин президенттеринин сентябрдагы келишимдерин ишке ашыруу жолдорун 5-декабрда талкуулайт. Бул тууралуу Өкмөт аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Алтынбек Муралиев Бишкекте өткөн маалымат жыйында билдирди.

Медведев Кыргызстанга Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекет башчыларынын жыйыны алкагында Бишкекке келет.

“Дастан” заводун менчиктешитирүү тууралуу суроого Муралиев “Дастанды” эларалык аукционго коюу чечими кабыл алынгандыктан, бул маселе жабык деп белгиледи.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД